super.kg logo

Бишкекте тез татымдан ууланган 10 адам: Санэпидемстанция окуянын чоо-жайын айтты

 

Жыл башынан бери борбор калаада тамак-аштан уулануунун 23 учуру катталып, 41 адам жабыркады. Бул туурасында Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери Кундуз Эсенгулова маалымат жыйында айтты.

"Буга чейин "Эл эмне жейт?" деген тез татымдан 10 мектеп окуучусу жана мугалими ууланган. Алар 5-май күнү Сокулук районундагы Алтын Пахта деген айылдын окуучулары болгон. Алар маданият жайларын кыдырууга чыгып, саат 12де "Эл эмне жейт" деген тез татымдан тамактанышкан. Баары тең шаурма жешкен. Андан чыккан соң кинотеатрга киришкен. Ал жактан чыгып сейил бакка барышкан. Анда баары өзүн жаман сезе башташкан. "Тез жардам" менен жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылып, дарыланышкан. Бирок окуучулар шаарга келгенге чейин кичи автобус менен келе жатып жолдон супер маркеттен сендвичтин түрүн алып жешкен. Суусундуктарды дагы алышкан. Алар "Тойбос" жана "КavKev" деген фирманын сендвичтери болгон. Сендвич жеп, бирок тез татымдан шаурма жебеген окуучу дагы ууланган.

Натыйжада тез татымды текшердик. Алар жабылып, айып пул салынды. Мындан тышкары сендвич чыгарылган фирмаларды текшердик. Лабораториялык изилдөөлөрдө стафилококк ауреус, ичеги таякчасы тобунун бактериялары табылган", - деп билдирди Эсенгулова.

Буга чейин Бишкектеги "Эл эмне жейт?" тез татым жайында 11 адам ууланганы жазылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: