Чек ара кызматы: "Тажикстан тарап чек ара тилкесине оор аскердик техникаларын тартууда"
Саат 14:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу уланууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, тажик тарап оор аскердик техникаларын чек ара тилкесине алып келүүдө.
"Ведомство кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчуп кетпеши үчүн бардык чараларды көрүп жатат", - деп билдиришти атайын кызматтан.
Бүгүн, 3-июнда Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу орун алды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.