super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан 2 аскер кызматкери жаракат алды. Бирөөнүн абалы оор

 

Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан 2 кыргыз аскери жаракат алышты. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, жаракат алгандарды "Тез жардам" кызматы Баткен облустук биргелешкен ооруканасына алып кетти.

"Алдын ала маалымат боюнча, бир аскер кызматкеринин абалы оор. Экинчисинин абалы, орто оор абалда. Алар ооруканага жаткырылгандан кийин диагноздору тууралуу маалымат берилет. Учурда ок атышуу болгон жерде "Тез жардам" кызматынын 2 бригадасы иштеп жатат. Баткен облустук ооруканасы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Ооруканада бардык дары-дармек, медициналык каражаттар бар", - дешти маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, Баткен районундагы Булак-Башы айылында Тажикстандын чек арачылары мамлекеттик тилкеден мыйзамсыз өткөн. Алар кыргыз чек арачыларынын талаптарын аткаруудан баш тартып, ок чыгарып, миномёт колдонууга өтүшкөн.

Кийинчерээк Тажикстан чек ара тилкесине аскердик оор техникаларын тартышкан. Ошондой эле жетишилген макулдашууга карабастан тажиктер саат 14:15ке чейин аткылоону уланткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: