super.kg logo

Бакыт Төрөбаев калаадагы 4-Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышты

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарындагы 4-Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышты. Бул тууралуу мекеменин маалыматында жазылат.

Ага ылайык, анда Төрөбаев калкка кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштер менен таанышты.

"Мындай чечимдердин бири катары паспортту даярдагандыгы үчүн «Элкарт мобайл» жана «РСК 24» мобилдик тиркемеси аркылуу улуттук стандарттагы QR-код менен төлөө мүмкүндүгү саналат. Кийинки кадам – жарандык абалды каттоо актыларын, транспорт каражаттарын каттоодо, ошондой эле “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айып пулдарды төлөөдө кызмат көрсөтүүлөр үчүн QR-код аркылуу накталай эмес түрдө төлөөнү киргизүү пландаштырылууда", - деп жазылат маалыматта.

Бакыт Төрөбаев мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилеп, ушул жылдын соңуна чейин республиканын бардык аймагындагы калкты тейлөө борборлорунда мамлекеттик кызматтар үчүн накталай эмес төлөмдөрдү ишке киргизүүнү тапшырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: