super.kg logo

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары кошумча күчтөрдү чыгарып кетүүнү макулдашты

 

Баткен районунун Булак-Башы жана Төрт-Көчө тилкелеринде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар төмөнкүдөй макулдашууларды кабыл алышты:

- бекемдөө катары келген кошумча күчтөрдү жана каражаттарды туруктуу жайгаштыруу пункттарына чыгарып кетүү;

- чек арачыларды эки тараптуу негизде алмаштыруу;

- инженердик курулуштарды демонтаждоо;

- үстөмдүк кылган бийиктиктерге чек ара тозотун жиберүүгө тыюу салуу.

Андан кийин Төрт-Көчө аймагында УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы менен Тажикстандын УКМКсынын Согди облусу боюнча башчылары жолугушуу өткөргөн.

Жолугушууга тараптардын чек ара заставаларынын жетекчилери да катышты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар жетишилген макулдашууларды аткаруу, чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө жана бардык пайда болгон маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү зарылдыгын белгилешти.

Мамлекеттик чек ара сызыгынан кошумча күчтөрдү жана каражаттарды чыгарууну Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара заставаларынын жетекчилери көзөмөлдөйт. Саат 19:20га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: