super.kg logo

Бишкекте генерал-майор Темиркан Субановдун жаркын элесине арналган чемпиондук өткөрүлдү (фото)

 

Бүгүн, 3-июнда Бишкектеги “Динамо” спорт комплексинде милициянын генерал-майору Темиркан Субановдун жаркын элесине арналган кыргыз күрөш боюнча уюштурулган чемпиондук жыйынтыкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

1-июнь күнү башталган чемпиондукка жалпы республика боюнча 15 команда катышты. Чемпиондуктун ачылыш аземине ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдун, “Динамо” коомунун төрагасы Төрөкул Мадалиевдин жана маркумдун жакындарынын, үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөн.

Ал эми үч күнгө созулган таймаштын жабылуу аземине ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын начальниги Алишер Барпиев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, КББнын Спорт жана дене тарбиялык даярдыкты уюштуруу бөлүмчөсүнүн начальниги Искен Базаркулов жана “Динамо” спорт комплексинин жетекчилиги менен кызматкерлери катышты.

Аталган кыргыз күрөш боюнча уюштурулган чемпиондукта ИИМдин “Шумкар” атайын багытындагы полкунун командасы жеңүүчү аталды. Ал эми экинчи орунду ИИМдин Күзөт кызматынын командасы алса, үчүнчү орунду Талас облусунан келген команда ээледи.

Жеңүүчүлөр атайын Кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Андан сырткары салмагына жараша жеке жетишкендиктери үчүн да бир катар кызматкерлерге медаль, громаталар тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу аземинде ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев Темиркан Субановдун жубайы Динара Субановага “Офицердин жубайы” медалын тапшырды. Ошондой эле салтанаттуу аземдин жүрүшүнөн пайдаланып, “Динамо” коомунун төрагасы Төрөкул Мадалиев ИИМдин КББнын Дене тарбия бөлүмүнүн улук инспектору Абдыгапар Урбаевге “Спорттун отличниги” төш белгисин ыйгарды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: