super.kg logo

Камчыбек Ташиев: "Жаңжал жайлоо талашуудан чыккан"

 

Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ок атышуусу жайлоо талашуудан улам чыккан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирди.

"Азыркы учурда чек арада абал туруктуу. Башка жерлердеги чек араларда бардык жоокерлер өздөрүнүн кызматтарын аткарып жатышат. Сүйлөшүүлөр болду. Ошол жерде бир жайлоону талашып, жайлоо боюнча ушундай жаңжал чыккан. Аларда дагы, бизде дагы техникалар бар. Жаңжал болгон жер жайлоо болгондуктан аскер техникаларынын кириши оор болгон. Бирок кайсы бир деңгээлде ал жерге аскер техникаларын жакыныраак алып барганга мажбур болдук. Бардык техникалар артка кайтты, азыр эч кандай кооптонууга негиз жок", - деди Ташиев.

Белгилей кетсек, Баткен районундагы Булак-Башы айылында Тажикстандын чек арачылары мамлекеттик тилкеден мыйзамсыз өткөн. Алар кыргыз чек арачыларынын талаптарын аткаруудан баш тартып, ок чыгарып, миномёт колдонууга өтүшкөн.

Кийинчерээк Тажикстан чек ара тилкесине аскердик оор техникаларын тартышкан. Ошондой эле жетишилген макулдашууга карабастан тажиктер саат 14:15ке чейин аткылоону уланткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: