super.kg logo

Бишкекте Түрк дүйнөсүнүн Улуттук илимдер академияларынын союзунун жолугушуусу болду

 

Бүгүн, 3-июнь күнү эл аралык Түрк академиясынын демилгеси менен Бишкек шаарында Түрк дүйнөсүнүн Улуттук илимдер академияларынын союзунун президиумунун VI жыйыны болуп өттү.


Маалыматка ылайык, жыйынга эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдыралы, Кыргыз өлкөсүнүн илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаев, Казакстандын Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Журинов, Азербайжандын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Иса Габиббейли, Өзбекстандын илимдер академиясынын вице-президенти Бахром Абдухалимов, Татарстандын илимдер академиясынын президенти Мякзюм Салахов катышкан.


Иш-чаранын алкагында академиянын жетекчиси Д.Кыдыралы Кыргыз өлкөсүнүн Улуттук илимдер академиясынын президенти М.Жуматаевди жана Татарстандын Илимдер академиясынын президенти М.Салаховду Түрк элдеринин алтын медалы менен сыйлады.


Жыйында Түрк дүйнөсүнүн Улуттук илимдер академиялар биримдигинин жетекчилери өз уюмдарынын жүргүзүп жаткан иштери жана алдыдагы пландары тууралуу баяндама жасашкан.


Мындан тышкары, жолугушууда Түрк мамлекеттеринде пандемиядан кийинки мезгилде көрүлгөн илимди колдоо чаралары боюнча пикир алмашуу, ошондой эле кийинки жолугушууну өткөрүү маселеси талкууланды.


Жыйындын жыйынтыгында протокол кабыл алынып, президиумдун биргелешкен чечими менен союздун кезектеги жыйынын Татарстандын борбору Казан шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.


Белгилей кетсек, Түрк дүйнөсүнүн Улуттук илимдер академияларынын союзу 2015-жылдын 29-июнунда М.Салаховдун демилгеси жана Астанадагы (азыркы Нур-Султан) эл аралык Түрк академиясынын колдоосу менен түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: