super.kg logo

ТИМ кыргыз-тажик чек арасында орун алган окуя тууралуу комментарий берди

 

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Авазбек Атаханов кечээ, 3-июнда Баткен районундагы Булак-Башы тилкесинде болгон чек ара чатагы жана анын жүрүшүндө оор жаракат алган эки аскер кызматкери тууралуу комментарий берди. Бул тууралуу мекемеден маалымат беришти.

Ал белгилегендей, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги эки өлкөнүн чек ара аймактарында кырдаалдын курчушуна алып келиши мүмкүн болгон шарттарды келечекте түзбөө боюнча жетишилген макулдашууларды аткаруу зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позициядан келет.

"Ошону менен бирге ал бардык көйгөйлөр саясий жана дипломатиялык жолдор менен гана чечилиши керектигин баса белгиледи.

Авазбек Атахановдун айтымында, тараптар келечекте эки тараптан тең жарандардын жана аскер кызматкерлеринин өлүмүнө алып келиши жана эки элдин ортосундагы кылымдардан бери келе жаткан жакшы коңшулаштык мамилелерди бузушу мүмкүн болгон кагылышуулардын ар кандай сценарийлерин болтурбоо үчүн чек ара маселелерин чечүүдө конструктивдүү жана боорукер маанайды түзүүгө өз ара аракет кылышы керек", - деп жазылат ТИМдин маалыматында.

Белгилей кетсек, Баткен районундагы Булак-Башы айылында Тажикстандын чек арачылары мамлекеттик тилкеден мыйзамсыз өткөн. Алар кыргыз чек арачыларынын талаптарын аткаруудан баш тартып, ок чыгарып, миномёт колдонууга өтүшкөн.

Кийинчерээк Тажикстан чек ара тилкесине аскердик оор техникаларын тартышкан. Ошондой эле жетишилген макулдашууга карабастан тажиктер саат 14:15ке чейин аткылоону уланткан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги куралдуу ок атышуудан эки кыргыз аскер кызматкери жаракат алганын, бирөөнүн абалы оор экенин кабарлашкан.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: