super.kg logo

Алымкадыр Бейшеналиевдин жактоочусу ага жолуга албай жатканын айтып чыкты

 
Алымкадыр Бейшеналивдин жактоочусу Кайсын Абакиров экс-министрге жолуга албай жатканын айтып чыкты. Бул туурасында ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анда укук коргоочу президент Садыр Жапаровдон, башкы прокурор Курманкул Зулушевден, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден Алымкадыр Бейшеналиевдин кайда экенин билүү үчүн көмөк сураган.
"Алымкадыр Бейшеналиевди табууга жардам берүүңүздөрдү суранам. УКМКнын СИЗОсунда да, Башкы прокуратуранын бөлүмүндө да Бейшеналиев жок", - деп жазган укук коргоочу.
Белгилей кетсек, 2-июнда министр Алымкадыр Бейшеналиев Башкы прокуратура тарабынан кармалды. Ага жети кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Президент Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип кармалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзүлгөн билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: