super.kg logo

Бишкекте 16 жаштагы Перизат Кубанычбек кызы дайынсыз болуп изделүүдө

 

Бишкекте 16 жаштагы Перизат Кубанычбек кызы изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-майда райондук милицияга Эне жана баланы коргоо борборунун жетекчиси арыз менен кайрылган. Анда аталган борбордогу тарбиялануучу 2005-жылы туулган Перизат Кубанычбек кызы 30-майда кечинде саат 21:30 чамасында уктоого кетип, эртеси ордунда жок болгонун айткан. Анын жүргөн жери белгисиз болууда.

Белгилери: Бою 155-160 сантиметр, арыкчырай, көзү кара, чачы орто узундукта. Мезгилге жараша кийинген, көйнөк жана жоолукчан болушу мүмкүн.

Дайынсыз болуп жаткан кыз тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери суранышат.

Байланыш номерлери: 0 704 10 31 02, 0 500 26 02 50, 0 708 50 00 21, 0 706 51 51 54, 0 500 43 28 15 жана 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: