super.kg logo
  Саясат  

Ош шаардык мэриясында ички мигранттар үчүн атайын комиссия түзүлдү

 

Ош шаарында жергиликтүү бийлик тарабынан ички мигранттарга социалдык жактан ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында атайын комиссия түзүлдү. Комиссиянын курамын Ош шаардык мэриясынын социалдык-маданий өнүгүү бөлүмү,  “Эдвокаси” адам укугун коргоо борбору, шаардык эмгек, миграция жана жаштар башкармалыгы, шаардык социалдык фонд башкармалыгы, аймактык кеңештер, шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгы жана жарандардын актылык каттоо кызматы түзөт. Комиссиянын жетекчиси болуп Ош шаарынын вице-мэри Дастан Ходжаев дайындалды. 

Аталган комиссия ички мигранттар, көп балалуу, бүлөсүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөрдүн акысыз юридикалык жардам алуусу жана мектепке чейинки, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү тууралуу маселелерди карашмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: