super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу аталган тармактагы эң орчундуу көйгөйдү атады

 

Өлкөдө элдин саламаттыгына байланыштуу эң көйгөйлүү маселе инсулиндин тартыштыгы. Бул туурасында саламаттыкты сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков социалдык тармактагы түз эфир учурунда билдирди.

Анын айтымында, эки айдан бери өлкөдө инсулин тартыш.

"Элдин саламаттыгына байланыштуу эң четте калып калган маселелер бар экен. Мисалы, инсулиндин жоктугу. Эки айдан бери өлкөдө инсулин тартыш болуп жатыптыр. Мындайга жеткирбешибиз керек эле. Тилекке каршы, мындай кырдаал жаралыптыр. Кант диабети менен жабыркагандар өз күчү менен инсулинди туугандары аркылуу алдырып же ордуна башка таблетка түрүндөгү дарыларды колдонуп абалдан чыгып жатышыптыр. Буюрса, инсулин алып келинүүдө", - деп билдирди ал.

Ошондой эле ал дүйшөмбү күнү жогорудагы көйгөй боюнча иш алып барарын кошумчалаган.

Президенттин буйругуна ылайык, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев төргөө аяктаганга чейин убактылуу кызматынан четтетилген. Буга байланыштуу саламаттыкты сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруу Жаркынбек Касымбековго жүктөлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: