Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу 3 кызматкеринин бөгөт коюу чарасы тандалды
Коррупцияга шектелип кармалган Саламаттыкты сактоо министрлигинин үч жооптуу кызматкеринин бөгөт коюу чарасы 4-июнда каралды. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрликтин дары-дармек жана медициналык буюмдар бөлүмүнүн башчысы Султан Сатарбеков үй камагына чыкты.
"Ал эми саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Улук-Бек Бектурганов УКМК СИЗОсуна 2-августка чейин, Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова ошол эле абакка 2-июлга чейин камалды", - деп билдиришти соттон.
Белгилүү болгондой, алар COVID-19га каршы вакцина сатып алууда орун алган коррупция фактысы боюнча 2-июнда кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.