ӨКМ жөнөткөн 1200 түп чөп Ак-Шыйрак айылына жетти
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнөткөн 1200 түк чөп Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Шыйрак айылына жетти. Бул туурасында мекемеден билдиришти.
Ага ылайык, кечээ кечки саат 21:30да Барскоон айылынан чыгып кеткен унаалар бүгүн саат 14:30да Ак-Шыйрак айылына жетти.
Ошондой эле тоо арасында жашаган элден кабар алууга Жарандык коргонуу кызматынын мүчөлөрү, ӨКМ кызматкерлери, дарыгерлер жана айыл өкмөттүн өкүлдөрү кошо кетишкен.
Белгилей кетсек, 29-30-май күндөрү кар калың жаагандыктан бир нече аймакта кар көчкү жана жер көчкү жүрүп, Ысык-Көл облусунун бир нече райондорунда жолдор жабылып, байланыш каттамдары үзүлгөн. Мындан улам жайлоого чыккан малчыларда тоют көйгөйү пайда болуп, миңдеген мал-жандыктары өлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.