super.kg logo
  Саясат  

Орусиянын “Литературная газета” басылмасынын башкы редактору Юрий Поляков Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка ээ болду

 
Бүгүн, 29-ноябрда Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңеш тарабынан демилгеленген “Чыңгыз Айтматов атындагы көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясынын сыйлыгын” тапшырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
Басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, алгачкы ирет тапшырылып жаткан бул сыйлыкка Орусиянын “Литературная газета” гезитинин башкы редактору Юрий Поляков ээ болду. Төрага сыйлыктын Айтматовдун калемдеши, жазуучу, драматург жана коомдук ишмер Юрий Поляковго тапшырылып жатканы абдан сыймыктуу көрүнүш экендигин баса белгиледи. 
Азем учурунда Юрий Поляков жазуучу менен жолуккан күндөрү, мастер-класстарында болгондору тууралуу сыймыктануу менен айтып берди. Мындан ары да Айтматовдун Москва облусундагы Переделкин кыштагындагы үй-музейине байланыштуу талаш маселелердин чечилишине активдүү катышарын кошумчалады. Ал бул үй-музейдин Пастернак менен Окуджавананын музейлери сыяктуу иштеп каларына үмүтү чоң экендигин билдирди.
Кошумчалай кетсек, 30 миң доллар өлчөмүндөгү бул сыйлык 2012-жылдын ноябрь айында КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан сунушталган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: