Бриллиантын алып күрөөканага өткөрүп жиберген. Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

Белгилүү болгондой, 30-майда шаар тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда баасы 1 миң 200 доллар турган бриллиантын Б.Т. аттуу аял сатып берерин айтып, ишенимге кирип алгандан кийин күрөөканага өткөрүп, из жашырып кеткени айтылган.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 209-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү катары 52 жаштагы Б.Т. кармалып, Октябрь райондук сотунун чечими менен 1 айга СИЗО-1ге камакка алынды.
Эгерде сүрөттөгү жарандан зыян тарткандар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0 (505) 22-77-25, 0 (702) 71-73-08 же 102.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.