super.kg logo

"Футбол ойногонубуз деле күлкү болду" дейт Борончу Кудайбергенов. Ошто эки өлкөнүн куудулдары концерт коюшту

 

Өткөн аптада Ошто кыргыз-өзбек куудулдарынын биргелешкен концерти болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Борончу Кудайбергенов коңшу өлкөдөн 17 куудул келгенин белгиледи.

Айтымында, мындай иш-чара 20 жылдай мурда уюштурулган, анда бир катар белгилүү куудулдардын көзү тирүү болчу.

"Оюндун алдында футбол ойнодук. Топ ойногонубуз деле күлкү болду. Ал эми концертибиз жогорку деңгээлде өтүп, куудулдарыбыз мыкты номерлерди коюшту. Командалар тең упай алышты.

Ар бирине гонорар төлөндү, келип-кеткени, тамак-ашы, жатаканасы баары бизден болду. Чек арадан өткөндөн баштап сый көргөзүп (кезексиз өтүштү), жакшы деңгээлде тосуп, кайра узатканга аракет кылдык. Иш-чаранын аягында конокторубузга эстафета тапшырылды, буюрса, кошуналар дагы "Мыскыл жана тамаша" концертин уюштурмай болушту", - дейт ал.

Борончу Кудайбергенов демөөрчүлөр табылса, Ысык-Көл жергесинде ушундай концерт уюштуруп, ага казак куудулдарын чакыруу ниети бар экенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: