super.kg logo

Жылнаама. 30-ноябрь: 1835-жылы Америкалык жазуучу, журналист жана коомдук ишмер Марк Твен жарык дүйнөгө келген

 

1667-жылдын бул күнү ирландиялык жазуучу, сатирик, публицист, философ, акын жана коомдук ишмер Жонатан Свифт жарык дүйнөгө келген. Ал көпчүлүккө "Гулливердин саякаты" аттуу төрт бөлүктөн турган фантастикалык чыгармасы менен таанымал болгон.

1731-жылдын 30-ноябрында Пекин шаарында катуу жер титирөө болгон. Андан 100 миңдеген адам жабыркаган.

1835-жылы 30-ноябрда америкалык жазуучу, журналист жана коомдук ишмер Марк Твен жарык дүйнөгө келген. Аны көпчүлүк “Том Сойердин укмуштуу окуялары” деген чыгармасы менен тааныйт. Ал чыгармасында балдардын аруу сезими, жашоосу тууралуу баяндаган.

1872-жылдын 30-ноябрында Глазго шаарында алгачкы жолу мыйзамдуу түрдө футбол боюнча эл аралык мелдеш  болуп өткөн. Анда Шотландия менен Англия командалары бет келишип, оюн 0:0 эсебинде аяктаган.

1933-жылы 30-ноябрда, Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитети менен Элдик комиссарлар кеңешинин аппарат кызматкерлери күндү физикалык көнүгүү жасоо менен башташкан. Себеби партия документтеринде машыгуу ишке болгон ыкласты арттырат деп белгиленген.

2009-жылдын 30-ноябрында прокуратура Исмаил Исаковду сегиз жылга эркинен ажыратууну суранган. Ал “шалаакылык”, “каражатты максатсыз пайдалануу” беренелери боюнча айыпталган.

2011-жылдын бул күнү ырчы Мирлан Баеков бойдокчулук менен кош айтышып, Созул аттуу бийкечтин колун кармаган. Келинчеги Нарын шаарында туулган. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу. Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда окутуучу болуп эмгектенет.

Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: