super.kg logo

Видеолорду таратпоо үчүн акча талап кылганга шектелип эки милиция кызматкери кармалды

 

Бишкекте шаар тургунунан 15 миң сом опузалап акча талап кылган милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашат.

Министрликтин Ички иликтөө кызматына 11-майда Б.Э. аттуу жаран кайрылган. Ал Искен жана Каниет аттуу милиция кызматкерлери март айынан тартып арыз ээсинин телефонуна жүктөлгөн видеолорду таратпоо үчүн он беш миң сом акча талап кылып жатат деп арызданган.

Аталган факты 343-берене (опузалап пара талап кылуу) менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

"3-июнь күнү саат 20:20 чамасында тергөө ыкчам иш-чараларынын негизинде Свердлов РИИБинин имаратынын жанында талап кылынган сумманы алуу учурунда Свердлов РИИБинин улук ыкчам өкүлү А.И. жана тергөөчүсү З.К.З. кармалды. Жеке тинтүү учурунда далил буюмдар табылган.

Кармалгандар сурак жана башка тергөө аракеттеринен кийин Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - дешти маалымат кызматынан.

Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлери тарабынан жасалган коррупциялык жана башка мүнөздөгү кылмыштарды аныктоо, ага бөгөт коюу боюнча иштерин улантууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: