super.kg logo

Ошто мурда 5 жолу соттолгон 54 жаштагы аял алдамчылыкка шектелип кармалды

 

Ош шаарында алдамчылыкка шектелип, 1968-жылы туулган Кара-Суу районунун Э.М. аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү аял 2019-жылы Жалал-Абад облусунун 43 жаштагы тургунуна Ош шаарынын Раимбеков көчөсүндө жайгашкан үйүн 45 миӊ долларга сатып, тил кат жазып берип, бирок үй документтерин кийинчерээк өткөрүп берүүнү убадалаган.

Бирок ошол эле үйдү дагы бир башка кардар аялга 2 миллион 500 миӊ сомго сатып жиберип, изин жашырып кеткен.

Жабырлануучу 43 жаштагы аял тарабынан Ош шаардык сотуна арыз жазылган. Бирок шектүү сотко дагы келбестен из жашырып кеткен. Натыйжада анын үстүнөн алдамчылык жасагандыгы үчүн издөө жарыяланган.

"Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматы тарабынан бул кылмышка шектүү 1968-жылы туулган Э.М. аттуу аял 5-июнь күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүн ал аялдын баш коргоо чарасы каралат. Кылмыш кодексинин 209-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалган шектүү жаран мурда алдамчылык жасагандыгы боюнча 5 жолу соттолгон", - деп жазылган маалыматта.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: