super.kg logo

Балбак Түлөбаев: "Дизель моторлуу автобустарды Бишкекке жолотпош керек"

 

Бишкекке электро автобустарды сатып алып, маршруттук таксилерди шаардан сырткары чыгаруу керек. Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында айтты.

"Бир күндө шаарга 2 миңге жакын маршруттук такси чыгат. 4 түрдүү автобус алабыз. Булар: бензин, дизель, газ жана электро автбус. Эң кымбаты электро автобус. 250 миңден 350 миң долларга чейин. Бирок муну алганга мажбурбуз. Себеби технология ошого баратат. Биз азыр алып, келечекте шаарыбызды, адистерибизди ошого даярдашыбыз керек.

Газ менен жүрүүчү автобустарды алыш керек. Дизель менен жүргөн автобустардан кетишибиз керек. Дизелдик моторлуу автобустарды Бишкекке жолотпош керек. Электро автобустар келсе, Бишкектин ортосундагы жакшынакай каттамдардын баарын ошолорго берүү керек. Маршруттук таксилерди акырын сүрүп чыгарышыбыз керек", - деди Түлөбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: