super.kg logo

Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча түзүлгөн комиссияга кимдер кирди? Эрбол Султанбаев жооп берди

 

Камакка алынган Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча түзүлгөн комиссиянын курамына ар тармактагы эксперттер кирди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

"Комиссия саламаттыкты сактоо министри Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүн ар тараптуу жана көз карандысыз изилдөө үчүн түзүлгөн. Ага саламаттыкты сактоо, финансы жана башка тармактар боюнча эксперттер кирет.

Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, президент комиссияны саламаттыкты сактоо министринин ишмердүүлүгүн изилдөө үчүн гана түздү жана ал кылмыш ишин иликтөө жүрүшүнө кийлигише албайт", - деди Султанбаев.

Буга чейин президент Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип кармалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзүлгөнүн билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: