super.kg logo

Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Замир Молдошев каза болду

 
Кыргыз өлкөсүнүн Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Замир Молдошев 69 жашында каза болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, генерал-майор аскердик жолун 1971-жылы баштап, взводдун командиринен чек ара бөлүмүнүн төрагасына чейин командалык кызматтарды басып өткөн.
Андан сырткары ал тажик-ооган мамлекеттик чек арасында кызмат өтөгөн тынчтык орнотуу батальонунун негиздөөчүлөрүнүн бири болгон.
1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында жеке эрдиги жана чебер жетекчилиги үчүн Замир Молдошев "Эрдик" медалы менен сыйланган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: