super.kg logo

ӨКМнын аскер бөлүгүндө 20 жаштагы жоокер катуу сабалды. Анын жакындары Камчыбек Ташиевге кайрылды

 

Беловодское айылындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалды. Бул тууралуу анын жакындары Инстаграм баракчасында жазып чыгышты.

Алардын айтымында, 31-майдан 1-июнга караган түнү ал нөөмөт бөлүмүндө турганда прапорщик катуу сабап салган.

"Аны түнү бою өзгөчө мыкаачылык менен сабап, уктатпай, отургузуп, башка ырайымсыз аракеттерди жасаган. Бекзат менен ар дайым байланышып турчубуз. Ал дайыма туугандарынан бирдик салып коюуну суранчу. 8 айдын ичинде 35 миң сом бирдик салганбыз. Бул акчаны прапорщик мобилдик тиркемелер аркылуу накталай алып турган.

Ал түнү прапорщик андан кайсы бир тууганы анын номерине акча которууну талап кылган. Бирок Бекзат түндө жакындарынын тынчын алууну каалаган эмес. Мындан улам анын ур-токмогуна чыдоого аргасыз болгон.

1-июнь күнү ал пневмония менен ооруп фельдшердик бөлүмгө которушканын айткан. Ошол күндөрү байланышып ооруп жатканын билдирген. Чынында Бекзаттын табарсыгы жарылып, буту шишип кеткен экен", - деп жазышкан жакындары.

Ошондой эле жабыркаган жоокер №4 шаардык клиникалык ооруканада дарыланып жатканын кошумчалашкан.

"Ал "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген. Операция үч жарым саатка созулду. Операция учурунда органдар заара, канга толуп, боордун формасы өзгөргөнүн көрүшкөн. Кабыргалары, бөйрөгү, өпкөсү жабыркаган", - деген жакындары.

Бекзаттын жакындары ички иштер министри Улан Ниязбековго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жардам сурап кайрылышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: