super.kg logo

ӨКМнын аскер бөлүгүндө жоокерди сабаган аскер кызматкери камакка алынды

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86123 аскер бөлүгүндө 20 жаштагы жоокерди сабаганга шектүү аскер кызматкери камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, бүгүн Аскер прокуратурасына катардагы жоокер Б.Эсенбековдун атасы Э.Смаилов арыз менен кайрылган. Анда ал 86123 аскер бөлүгүнүн контракттын негиздеги аскер кызматкери прапорщик Ж. уулу Т. карата чара көрүүнү суранган.

Аскер прокуратурасы ӨКМнын 86123 аскер бөлүгүнө текшерүү уюштуруп, натыйжада аталган аскер бөлүктүн анык мөөнөттүү аскер кызматкери Б.Эсенбеков Бишкек шаарынын 4-ооруканасына табарсыгы жарылып жаткарылгандыгы тастыкталган.

"Бул факты Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш жазык кодексинин 338-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ал эми ӨКМнын 86123 аскер бөлүгүнүн контракттык негиздеги аскер кызматкери Ж. уулу Т. Кылмыш жазык кодексинин 96-беренесинин негизинде камакка алынды.

Бүгүнкү күндө Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан окуянын жагдайын жана башка жооптуу аскер кызматкерлери тарабынан анык мөөнөттүү аскер кызматкерлерине карата уставдык эрежелерин бузган фактыларын аныктөө боюнча иш чаралар жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.

Беловодское айылындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалганын жакындары айтып чыгышкан. ӨКМ окуя боюнча билдирүү тараткан.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: