super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көлгө курулат. Шайлообек Атазов олимпиадалык базанын курулушуна чиновниктер тоскоол болгонун айтты

 

Ысык-Көлдүн Тамга айылына олимпиадалык базаны куруу демилгеленүүдө. Бирок тоскоолдуктардан улам долбоор ишке ашырылбай жатканын депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин жыйынында белгиледи. Эл өкүлү президентке кайрылып, курулуш иштерине тоскоол болуп жаткан маселени жогорку деңгээлде чечип берүүнү суранды.

"Бул бизнес долбоор 10 жыл мурда иштелип чыгып, инвесторлор келип ишке киргизер алдында чиновниктердин тоскоолдугу менен токтоп калган. Кийин 3 миллион доллар сурап, инвестор кетип калган. 3 жыл мурда орусиялык инвестор келип, ал дагы кетип калды.

Аталган айылда дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук базаны курууга климат бар. Бул Италияда анан Кыргызстанда эле бар. Бул долбоорду Эл аралык олимпиада комитети колдойт жана каржылоого даярдыгын билдирип жатат. Бизнес долбоорду ишке ашырып алсак Европа, Орто Азия, дүйнө мамлекеттеринен курама командалар келип сбор өткөрүшөт. Андан тышкары жергиликтүү дыйкандарга, фермерлерге дагы жакшы. Иш менен камсыз болушат. Мамлекетибиздин эл аралык имиджи өсөт. Олимпиадалык база 3 жылда өзүн актайт. Ушул олимпиадалык базага деген жерди чиновниктер сатып жиберип, биздин спортчуларыбыздын келечегине балта чабылбасын деген тилектемин", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: