super.kg logo

Сабалган жоокердин апасы: "Жалпы 36 миң сомго бирдик салдырган"

 

Беловодское айылында аскер кызматкери тарабынан сабалган жоокер жалпы 36 миң сомго бирдик салдырган. Бул тууралуу жоокердин апасы Алмакан Смаилова маалымат жыйында айтты.

"Бекзат эң кичүү уулум. Үч эжеси, бир агасы бар. Бирдикти үч кызыма дагы, агасына, жезделерине, мага, атасына, баарыбызга салдырчу экен. Мага бир жолу "атама айтпай миң бирдик салып коюңузчу, форма тиктирмекпиз" деди. Өздөрү тигип бербейби десем "жок өзүбүз тигебиз" деди. Андай бирдиктердин канчасын салдык. Менде бардык тизме бар. Жалпы 36 миң сомго бирдик салыптырбыз", - деди сабалган жоокердин апасы.

Ошондой эле ал бирдикти кимдер салдырганын билерин айтып, алардын аттарын атады. Өз кезегинде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов муну алгачкы жолу угуп жатканын айтып, аты аталгандарга чара көрүлөрүн билдирди.

Беловодское айылындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалганын жакындары айтып чыгышкан. ӨКМ окуя боюнча билдирүү тараткан. Жоокердин абалы бүгүнкү күнгө карата орточо оор деп бааланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: