super.kg logo

"Сизди көрүп Ташиевди элестеттим". Беловодское айылында сабалган жоокердин таякеси министрдин орун басарынын көзүнчө кайрылуу жасады (видео)

 

Бүгүн, 8-июнда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов, аскердик бөлүктүн командири Кумар Ахматов маалымат жыйын беришти.

Маалымат жыйын өтүп жаткан учурда сабалган жоокердин апасы менен таякеси кирип келишти. Ошол жерден сабалган жоокердин таякеси министрдин орун басарларына кайрылды.

"Урматтуу жетекчилер! Силерге ишенип балдарды берип жатабыз. Ал тырмактай бала да. Аны жанагындай акыбалга жеткирдиңер. Ошол баланы тескерисинче таптап, өстүрүп, ошол жерге кайра бара тургандай кылбайт белеңер. Бул система чирип калган система. Муну менен Кыргызстанды жыргатпайсыңар. Сизге айтып коёюн, азыр эле сизди көрүп Ташиевди элестеттим (ред. Камчыбек Ташиев). Журналистке орой жооп берип жатасыз, Ташиев колуңду сындырып коём дегендей эле. Өзүңүздүн этикаңызды сактаңыз", - деди сабалган жоокердин таякеси.

Беловодское айылындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалганын жакындары айтып чыгышкан. ӨКМ окуя боюнча билдирүү тараткан. Учурда жоокердин абалы орточо оор деп бааланууда.






Сабалган жоокердин таякеси министрдин орун басарынын көзүнчө кайрылуу жасады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: