super.kg logo

Айдоочулардын эсине. Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрү убактылуу жабылат

 

Бүгүн, 8-июнда Бишкектин борбордук көчөлөрү саат 16:00дөн тартып 23:00гө чейин жабык болот. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, мындай чектөө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган Азия Кубогуна тандоо оюндарына байланыштуу киргизилген.

Төмөнкү көчөлөр жабылат:

- Тоголок Молдо көчөсү түндүктү көздөй Чүй көчөсүнөн тартып, Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Фрунзе көчөсү күн чыгышты көздөй Исанов көчөсүнөн тартып, Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жогорудагы жабык көчөлөрдү эске алып, жолду алдын ала тандап алууну эскертет.

Маалымат үчүн: Бүгүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Тажикстан Мьянма курамасы менен ойносо, Кыргызстан Сингапур менен ойнойт. Азия Кубогуна тандоо оюндарына карата футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын акыркы курамы шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: