super.kg logo

Сууга түшүүдө балдардын өлүмүнө жол бербөө боюнча министрлик ата-энелерге эскертүү даярдады

 
Жай мезгилинде көлмөлөрдө, бассейндерде, дегеле сууга түшүүдө балдардын өлүмүнө жол бербөө максатында Ички иштер министрлиги бардык жарандарга кайрылуу жасады. Анда ата-энелерге бир катар эскертүүлөр жана өтүнүчтөр бар.
Ата-энелер үчүн эскертүүлөр:
* Сак болуп, балдарды ар дайым көзөмөлдөп туруңуз;
* Балдарды сууда сүзүүгө эрте жашынан үйрөтүңүз. Суунун жанында же бассейнде жүргөндө балдарды көз жаздымда калтырбаңыз;
* Балдарга жалгыз жана алыстан, андан ары колун сунуп сүзүүгө жол бербеңиз;
* Жээкте, көлдө, кайыкта, тайыз суунун же бассейндин жанында балага жакшы сүзгөндү үйрөнгөнгө чейин жеке куткаруучу каражаттарды кийгизиңиз. Аны дайыма көзөмөлдөп туруңуз;
* Эгерде суунун тереңдиги бир жарым метрден аз болсо, ошондой эле улуу адам жок болсо, баланын сууга секиришине жол бербеңиз;
* Күн күркүрөп жатканда балдарды көлмөлөрдөн жана башка суулардан алыс кармаңыз;
* Сууга чөгүп кетүүдөн сактануу үчүн балдарды өзүн-өзү жана өз ара жардам элементтерин үйрөтүңүз;
* Сууга уруксат берилген жерлерде, жашылдандырылган пляждарда гана барууга болот;
* Катуу агып жаткан тик, таштуу жээктерде, саздак жана өсүмдүктөр өскөн жерлерде сууга түшпөңүз;
* Суунун температурасы 19 градустан төмөн болбошу керек, анда 20 мүнөттөн ашык эмес болуу сунушталат, сууда болуу убактысы акырындык менен 3-4 мүнөткө көбөйүшү керек;
* 15-20 мүнөттөн бир нече жолу сууда жүргөн жакшы, анткени муздаганда талма пайда болуп, дем алуу токтоп, эс-учун жоготушу мүмкүн;
* Күндө узак какталгандан кийин сууга кирүүгө же секирүүгө болбойт, анткени сууда муздаганда булчуңдар кысылып, жүрөк токтоп калышы мүмкүн;
* Көпүрөлөрдөн, пристандардан сууга секирүүгө, кайыктарга, катерлерге жакын сүзүүгө уруксат берилбейт;
* Эгер сүзө албасаңыз, үйлөмө матрацтарда жана тегеректерде жээктен алыс сүзбөңүз;
* Суудагы чектөө белгилерин билүү абдан маанилүү.
"Эсиңизде болсун, сууда сүзүүдө коопсуздук жүрүм-турум эрежелерин бузуу адамдардын, анын ичинде балдардын өлүмүнүн негизги себеби болуп саналат. Баланын жашоосу жана ден соолугу сизден гана көз каранды экенин унутпаңыз", - дешет министрликтин маалымат кызматынан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: