super.kg logo

"Камбэк менен коштолгон тарыхый алмашуу". Кыргызстан-Сингапур беттешинен фоторепортаж

 

Кечээ, 8-июнда өткөн футбол боюнча Азия Кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Кыргыз улуттук курама командасы Сингапурду 2:1 эсебинде жеңип алды.

Беттештеги 3 гол тең экинчи бөлүктө жаралды. Алгач Сингапур курама командасы ылдам каршы чабуулдан гол жаратты. Андан кийин Валерий Кичин 78-мүнөттө эсеп санын теңесе, 81-мүнөттө Виктор Майер көпчүлүк күткөн голду жаратты.

Оюнга токтоло турган болсок, негизинен беттеш оор болду. Сингапур командасы мыкты даярдыкта келгенин баса белгилей кетүү керек. Оюнда "Барселона" клубунун тарбиялануучусу Эрбол Атабаев Гүлжигит Алыкуловдун ордуна алмашууга чыкты. Бул анын улуттук курама командадагы алгачкы оюну. Бул тарыхый алмашуу болуп калды.

Көпчүлүк социалдык тармактын колдонуучулары Эрбол Атабаев аз гана убакыт оюн өткөрсө дагы, топту кабыл алуусу жакшы экенин жазышууда. Ошондой эле оюнда коргоочу Александр Мищенко менен дарбазачы Эржан Токотаев мыкты оюн көргөзгөнү интернет колдонуучулары тарабынан айтылды.

Бул беттештин мыкты оюнчусу болуп Кыргыз курамасы үчүн жеңиш голун киргизген жана пенальти алып келген Виктор Майер табылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: