super.kg logo

"Ала-Тоо" аквапаркында окуучу сууга чөгүп каза болгон окуя: Аквапарктын администрациясы окуя боюнча комментарий берди

 
"Ала-Тоо" аквапаркында болгон каргашалуу окуядан кийин аталган аквапарктын жактоочусу Кайсын Абакиров комментарий берди. Бул тууралуу жактоочу социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ага ылайык, аквапарктын администрациясы жана жамааты 6-июнда бассейндеги сууга түшүп жатып, кырсыктап каза болгон окуучу Атайдын ата-энесине жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
"Учурда бул окуя боюнча укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Видео көзөмөл камераларындагы маалыматтарды тергөөчүлөргө толугу менен өткөрүп бердик. Бишкек мэриясынын алдындагы билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги жана ИИМ тарабынан атайын комиссия өз ишин баштады.
Тилекке каршы, учурда социалдык тармактарда бул кырсыктын чын-төгүнүн билип-билбей жазган адамдар көбөйүп, коомчулукка туура эмес маалыматтарды тараткан жагдай жаралууда.
Өз кезегинде биз моюнубузга жүктөлгөн жоопкерчиликтен качпайбыз жана тергөө менен кызматташууга даяр экендигибизди белгилейбиз", - деп жазган ал.
Ошондой эле каза болгон окуучунун жакындарына моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүлгөнү жана мындан ары колдоо болору кошумчаланган.
Маалымат үчүн:
6-июнда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кетип каза болгон. Окуя боюнча шаардык мэрия комиссия түзгөн. Каргашалуу окуядан кийин мектептин завучу жана 6 мугалими иштен алынды. Ошондой эле мектеп директоруна да коопсуздук чараларын, балдардын укугу менен саламаттыгын көзөмөлдөбөгөнү үчүн чара көрүү каралды. Комиссия аныктагандай, аквапаркка жалпысынан 232 окуучу, 9 мугалим жана 9 ата-эне барган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: