super.kg logo
  Саясат  

Нуржигит Кадырбеков: "Бир саясатчыны колдогон жигиттер, ошол духту тышка көрсөтөлү"

 

Бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков депутаттарды ынтымака чакырды.

"Күчтүү мамлекет бул атом бомбасы бар мамлекет эмес. Күчтүү мамлекет бул адамдардын баштары, ойлору, тилектери бириккен мамлекет. Ошон үчүн бардыгыбыз бириксек, душман кадимкидей бизден сүрдөйт. Эгер биз бирикпесек, өлкөнү күчтөндүрө албайбыз, бул турган маселе. Эми бизде бул саясатчынын тарапташы, тиги саясатчынын тарапташы деп бөлүнмөй пайда болду.

Өткөндө көрдүңүздөр, бул жакта болбогон нерсе болуп кетти. Мен андан кийин элди аралап келдим. Мурда жолду, көпүрөнү сурачу. Азыр "Эмне болуп баратасыңар? Ынтымактуу болсоңор болбойт беле" деген маселени айтып жатат.

Эртеси чыгып алып көрүп жатасыздар, кыргыздын баатыр жигиттери, бука моюн, буура сан жигиттери бир саясатчыны колдоп, экинчисине тил тийгизип, андан кийинкисинин тарапташтары буга тил тийгизип жатат. Ушинтип отуруп ынтымак ыдырап кетет. Ушул күчтү колдон келсе башкаларга көрсөтөлү. Ушул жердеги сөздөн кийин чек арада окуя чыкты. Бизге азыр батынбай тап бергендер көбөйдү. Эмнеге? Анткени тилибиз, башыбыз бирикпей жатат.

Ошон үчүн ошол жигиттерге кайрылат элем, балким, менден кичүүдүр. Ошол күчтү, ошол демди, ошол духту тышка көрсөтөлү", - деди Кадырбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: