ЭЛДИК КАБАРга жооп: "Бишкектеги Фрунзе-Осмонкул көчөлөрүн каптаган суу токтотулду" дешти мекемеден
Порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, калаадагы Фрунзе-Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде суу түтүгү жарылып көчөлөрдү суу каптап жатканын айткан.
Жогорудагы маселе боюнча Бишкек шаардык мэриясына байланышканбызда, "Бишкек жылуулук" ишканасы гидравликтикалык сыноолорду өткөрүп жатканын билдиришти.
"Түтүктөн агып жаткан суу токтотулду. Ал жерге белгилер коюлду", - деп билдиришти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.