super.kg logo

Комада жаткан Марат Казакпаев каза болду

 

УКМКнын тергөө камак жайынан ооруканага түшкөн саясий серепчи Марат Казакпаев бүгүн, 10-июнда каза болду. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов тарабынан белгилүү болду.

"Мен түштөнүү убагында кабар алайын десем каза болгонун айтышты. Эгер туугандары макул болсо, маркумга убагында медициналык жардам көрсөтүлдүбү, эмнеден улам көз жумганын тактоо үчүн тиешелүү жакка кайрылып, соттук-медициналык экспертиза жасатам", - дейт жактоочу.

Белгилей кетсек, 9-июнда Марат Казакпаев оор абалда ооруканага жеткирилип, комага түшкөн.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Марат Казакпаевдин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: