super.kg logo

Сузакта мугалим кол көтөргөн окуучу: Кыздын апасы тосмо арыз жазды

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мугалим кол көтөргөн окуучунун апасы тосмо арыз жазды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

"Экспертизанын корутундусуна ылайык, кызга жеңил жараат келтирилген. Бирок кыздын апасы расмий түрдө тергөөгө кайрылып, мугалимди кечиргенин жана ага карата эч кандай арыз-доосу жок экендигин билдирип тосмо арыз жазган. Учурда тергөө жүрүп жатат, жыйынтыгы менен укуктук баа берилет", - дешти мекемеден.

Маалымат үчүн:

Белгилей кетсек, социалдык тармакка сабак учурунда мугалим окуучу кызды урушуп, уруп жаткан видеосу тараган. Жалал-Абад ОИИБи жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатканын билдирген. Кийинчерээк мектеп директору кол көтөргөн мугалим иштен алынарын SUPER.KG порталына айткан. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги Сузак райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлүп, териштирүү жүргүзөрүн кабарлаган. Комиссия чечим чыгарып, ага ылайык, мугалимди иштен кетирүү буйругу жокко чыгарылган. Кийин кыздын үй-бүлөсү, жашоо-шарты тууралуу "Адилет" укук коргоо уюму маалымат берген.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: