super.kg logo

"Сизге сөз жок". Аквапаркта каза болгон окуучунун апасы Эдил Байсаловго жооп берди

 

Сууга чөгүп каза болгон окуучунун апасы Асель Акылбек кызы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун окуучунун өлүмү боюнча берген комментарийине жооп берди.

"Урматтуу Эдил Байсалов, сизге сөз жок. Кайсы бетиңиз менен уулумдун өлүгүн башка кыздын оорусу менен салыштырып жатасыз? Мен оорукчан эмес, дени сак уулумду мектеп менен жөнөткөм. Менин баламдын өлүмүн соттук медициналык экспертиза "Чөгүп кеткен" деп чыгарып берди.

Кандай адамдык сапаты төмөн адамсыз? Мени ооруп каза тапкан кыздын энеси менен салыштырбаңыз. Сиздин балдарды Кудай сактасын, мендей чыркырап кала көрбөңүз", - деп жазган апасы.

Буга чейин Эдил Байсалов аквапаркта болгон окуя боюнча пикирин билдирип, мугалимдердин да укугу корголушу керектигин айткан.

"Бул окуя кырсык эмес, трагедия. Мындай кырсыктар болуп турат. Бир жыл мурун 11 жаштагы окуучу кыз менен ушундай сыяктуу окуя болгон. Мектепте жүргөндө жүрөгү кармап калган. Анын тубаса жүрөгү ооручу экен. Ата-энеси баланын буга чейинки ооруга болгон даттанууларына кулак салбай, мектепке жиберишкен. Окуучу кыздын абалы мектепте жүргөндө начарлап, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Андан соң ооруканада каза болуп калган.

Ата-энеси мугалимдерди жана мектеп администрациясын күнөөлөшкөн. Митинг уюштурганга аракет кылышып, өкмөт мүчөлөрүнүн унааларынын алдына чейин чыга калышкан учурлар болгон. Жыйынтыгында мектеп директору иштен алынган. Мамлекеттик кызматкерлердин, мугалимдердин дагы укуктарын карайлы. Аларга кошумча чоң милдеттерди жүктөбөйлү", - деген Байсалов.

Маалымат үчүн:
6-июнда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кетип каза болгон. Окуя боюнча шаардык мэрия комиссия түзгөн. Каргашалуу окуядан кийин мектептин завучу жана 6 мугалими иштен алынды. Ошондой эле мектеп директоруна да коопсуздук чараларын, балдардын укугу менен саламаттыгын көзөмөлдөбөгөнү үчүн чара көрүү каралды. Комиссия аныктагандай, аквапаркка жалпысынан 232 окуучу, 9 мугалим жана 9 ата-эне барган. Каргашалуу окуядан 3 күн өткөн соң аквапарктын администрациясы комментарий берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: