Баткенде селден кийинки калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, калыбына келтирүү иштерине Жол тейлөө ишканасынан 2 жүктөгүч, 1 грейдер, 2 самосвал тартылып, иштеп жатат.
Ал эми 10-июнь күнү саат 17:20лар чамасында Баткен районунун Апкан айылында сел жүрүп, күрүч талааларына сел суулары кирген.
Саат 17:15тер чамасында жааган жаандын кесепетинен Кадамжай районунун Өтүкчү айылында да кокту-колоттордон түшкөн сел сууларынан 830 метр ички чарбалык жол жабыркап, 400 метр ички чарбалык арык, 1 гектарга жакын жер аянтына сел суулары келген.
Калыбына келтирүү иштерине Жол тейлөө ишканасынан эксковатор, Камаз жана жүктөгүч тартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.