"Ала-Тоо" аквапаркында каза болгон окуучунун классташтарынын ата-энелери митингге чыгышты
Бүгүн, 12-июнь күнү Билим берүү жана илим министрлигинин имаратынын алдында №95 мектептин окуучуларынын ата-энелери митингге чыгышты.
Ата-энелер №95 мектептин директору Айгүл Шимованы жоопко тартууну жана анын финансылык иштерин териштирүүнү талап кылышууда. Катышуучулар ошондой эле 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгон аквапарктын администрациясына тиешелүү жаза берүүнү суранышууда.
Маалымат үчүн:
6-июнда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кетип каза болгон. Окуя боюнча шаардык мэрия комиссия түзгөн. Каргашалуу окуядан кийин мектептин завучу жана 6 мугалими иштен алынды.
Ошондой эле мектеп директоруна да коопсуздук чараларын, балдардын укугу менен саламаттыгын көзөмөлдөбөгөнү үчүн чара көрүү каралды. Комиссия аныктагандай, аквапаркка жалпысынан 232 окуучу, 9 мугалим жана 9 ата-эне барган. Каргашалуу окуядан 3 күн өткөн соң аквапарктын администрациясы комментарий берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.