super.kg logo

Чүйдө сабалган жоокер: Министр аскердик бөлүктүн курамы менен жеке сүйлөштү

 
Чүйдүн Беловодское айылында аскердик бөлүктө сабалган Бекзат Эсенбековдун окуясынан кийин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Министрликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Бообек Ажикеев өздүк курам менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө мөөнөттүк аскер кызматын өтөп жаткан катардагы жоокер Бекзат Эсенбеков сабалганы боюнча аскер бөлүктүн мөөнөттөгү аскер кызматкерлери, контракт кызматындагы сержант, прапорщик аскер кызматкерлери, аскер кызматындагы аялдар, ошондой эле офицердик курам менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындан ары мындай иштерди болтурбоону алдын алуу иштерин күчөтүү милдетин тапшырды.
Андан сырткары анык мөөнөттөгү кызмат өтөп жаткан жоокерлердин жатаканасы, жоокерлер ашканасы, жоокерлер мончосу, азык-түлүк кампасы жана анык мөөнөттөгү кызмат өтөп жаткан жоокерлердин тамактануусун жеке өзү текшерип чыкты.
Эске салсак, Беловодское айылындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалганын жакындары айтып чыгышкан. ӨКМ окуя боюнча билдирүү тараткан. Учурда жоокер ооруканада.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: