Окуучу сууга чөгүп каза болгон окуя: Мектеп директору иштен алынды
"Ала-Тоо" аквапаркында сууга чөгүп каза болгон окуучунун окуясы боюнча №95 мектептин директору Айгүл Шимова иштен алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, мындай чечим шаардык билим берүү башкармалыгы түзгөн комиссия кабыл алган.
"Ошондой эле окуу-тарбия процессине талаптагыдай көзөмөл болбогондугу жана мектептин иш тартибин бузгандыгы үчүн мугалимдердин жана мектеп администрациясынын дисциплинардык жоопкерчилиги белгиленген. Ага ылайык, 6 мугалим иштен алынып, мектептин 2 завучу ээлеген кызматынан бошотулду", - деп жазылат маалыматта.
Учурда аталган окуя боюнча укук коргоо органдары сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүүдө.
Маалымат үчүн:
6-июнда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кетип каза болгон. Окуя боюнча шаардык мэрия комиссия түзгөн. Каргашалуу окуядан кийин мектептин завучу жана 6 мугалими иштен алынды. Ошондой эле мектеп директоруна да коопсуздук чараларын, балдардын укугу менен саламаттыгын көзөмөлдөбөгөнү үчүн чара көрүү каралды. Комиссия аныктагандай, аквапаркка жалпысынан 232 окуучу, 9 мугалим жана 9 ата-эне барган. Каргашалуу окуядан 3 күн өткөн соң аквапарктын администрациясы комментарий берген. 12-июнда "Ала-Тоо" аквапаркынын куткаруучусу кармалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.