super.kg logo

Жогорку Соттун төрагасы Жумгалда кармалган судья боюнча билдирүү жасады

 

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков иш сапары менен Нарын облусуна барды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдирди.

Иш сапардын максаты - судьялардын ишмердүүлүгүн, сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын текшерүү жана которулган судьялардын жашоо шарттары менен таанышуу. Жумушчу сапарынын алкагында төрага бир катар жергиликтүү соттордо болуп, сот кызматкерлери менен жолугушууларды өткөрөт.

Жумушчу сапары Нарын облусунун Кочкор райондук сотуна баруудан башталды.

Төрага соттун имараты, сот тутумунун кызматкерлеринин иштөө шарттары, архив, соттун автоматташтырылган маалыматтык тутумунун иши, судьялардын ортосунда иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү программасы, аудио жана видео жазуу программалык камсыздоонун иштеши менен таанышып, Кочкор райондук сотунун кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Аталган сотко Ысык-Көл облусунун Тоң району менен Ош облусунун Өзгөн районунан эки судья ротацияланып келген.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Замирбек Базарбеков иштерди өз убагында кароону, өзгөчө ротацияга чейин каралган иштерге көңүл бурууну, ошондой эле мыйзамдарды так сактоону тапшырган.

"Төрага Жумгал райондук сотунда болгон окуя, айрым судьялардын компетентсиздигинин мисалдары жарандардын сот системасына болгон ишеним деңгээлине доо кетирип жатканын белгиледи. Сот бийлигинин кадыр-баркына шек келтирген фактылар иликтенип, сот органдарынын кызматкерлеринин күнөөсү аныкталган учурларда, судьялар тарабынан процессуалдык мыйзамдарды бузган учурлар катталса эң катаал чаралар көрүлө тургандыгын кошумчалады.

Замирбек Базарбеков сот адилеттигин ишке ашырууда бирдиктүү соттук практикага жетишүү, иштерди кароодо процесстик мөөнөттөрдү жана нормаларды сактоо маселелерине да токтолду", - деп билдиришти Жогорку Соттон.

Белгилей кетсек, Жогорку Соттун төрагасы иш сапарынын алкагында Нарын шаардык сотунун, Нарын облусунун административдик сотунун, Ат-Башы райондук, Нарын райондук жана Ак-Талаа райондук сотунун ишмердүүлүгүн текшерет.

Эскерте кетсек, буга чейин Жумгалда судья жана прокурордун орун басары пара менен кармалгандыгы тууралуу маалымат чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: