super.kg logo

Жылнаама. 1-декабрь: Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү

 

1-декабрь, 1835-жылы даниялык жазуучу жана акын, дүйнөгө өзүнүн белгилүү жомоктору менен таанылган Ханс Кристиан Андерсендин биринчи жомок китеби жарык көргөн. 

1-декабрь, 1896-жылы атактуу советтик аскер башчы Георгий Жуков жарык дүйнөгө келген. 

1-декабрь, 1899-жылы Шабдан баатыр орус императору Николай IIге кайрылуу жолдогон. Анда Шабдан баатыр буга империяга көрсөткөн эмгегин белгилеп, ар бир тарыхый эпизод боюнча аткарган ролун атап өтөт. Шабдан баатыр империяга сиңирген эмгегин дворяндык нарк менен баалап, императордон өзүн жана 10 уулун дворяндык текке алынышын өтүнгөн. 

1-декабрь, 1915-жылы Пржевальск шаарында балдар үйү иштей баштаган. Балдар үйү жер которгондор Башкармалыгына караштуу ачылып, анын каржылоо чыгымын да аталган коом көтөргөн.

1-декабрь-Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү. Бул күн Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 1988-жылы жарыялаган. БУУнун Бириккен программасынын баяндамасы боюнча 2009-жылы дүйнөдө 60 миллион адам аталган ооруга чалдыгып, 25 миллион киши каза болгон. 17 жыл аралыгында Кыргызстанда 5 миңден ашуун жаран иммундук жетишсиздик козгогуч жана кабылдоо менен ооругандыгы айтылууда. Ал эми 2005-жылга чейин өлкөдө СПИД менен ооруган адам жок деп эсептелсе, 2013-жылы алардын саны 57 адамды түзгөн.

1-декабрь, 2011-жылы Алмазбек Атамбаев  президенттик кызматка киришкен. 

Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: