super.kg logo

Жылнаама. 2-декабрь: Эл аралык кулчулукту жоюу үчүн күрөшүү күнү

 

2-декабрь, 2009-жылы “Бишкек жылуулук тармактары” ААКсы жылуулук менен ысык суунун кымбаттаган тарифтеринин көлөмүн коомчулукка жарыялаган.

2-декабрь, 1804-жылы Наполеон Бонопарт өзүн император деп жарыялаган. 1769-жылы 15-августта жарык дүйнөгө келген. Жаш кезинен кедейчиликтин каарын тарткан Наполеон Бонапарт мансапка умтулуп, бийликке жетүүнү эңсеген. Анын өзгөчө ишмердүүлүгү генералдык чинге жеткизген. Ал Франциянын императору болгондон кийин дипломатия, мыйзам чыгаруу өңдүү татаал иштерди колго алып, Испания жана Орусияга жортуул баштаган.    

2-декабрь, 1902-жылы Андижан шаарында күчтүү жер титирөө болгон. Анда 4 жарым миңден ашуун адам каза тапкан. Бул ошол жылдагы шаардын калкынын 9 пайызын түзөт эле.

2-декабрь 1946-жылы Жа́нни Верса́че жарык дүйнөгө келген. Ал 1978-жылы эмерек, телефон, унаа, косметика, аксессуар, кийим чыгарган “Gianni Versace” аталышындагы маркасын негиздеген. Жарашыктуу кийинүү, табитке жараша туура тандоо артыкчылыгы Жанниге апасынан өткөн. Кичине кезинен апасын ээрчип жумушка барган Жанни колуна кездеме кармап чоңойгон. Отуз эки жашында апасынын, карындашынын жардамы менен “Gianni Versace” деген компания ачып, ишти баштаган. Башынан мода тууралуу түшүнүгү кеңири болгондуктан, компанияны бутуна тургузууга кыйынчылык деле жаралган жок. Бирок мындай таланттын өмүрү узакка созулган эмес. Компания белгилүү болуп, жакшы киреше алып келе баштаганда италиялык мафия менен кагылыша кетип киши колдуу болуп өлгөн. Жаннинин сөөгү эшигинин алдынан табылып, ага ок аткан гемосексуалист Эндрю Кьюненэн деген адам экени да аныкталган. Азыр Джанни Версаченин ишин шакирттери, карындашы жана иниси улантууда.

Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: