Ысык-Көлдө унаа жолдон чыгып, бакты сүздү
Ысык-Көлдө жеңил унаа кырсыкка кабылып, даракты сүздү. Кырсыктын кесепетинен бир адам жаракат алды дешет ӨКМнын маалымат кызматынан.
Белгилүү болгондой, Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 14-чакырымында (Чырпыкты айылы) ВАЗ 2107 унаасы жолдон чыгып, даракты сүздү. Кырсыктын кесепетинен К.Б. аттуу киши жаракат алды. Жерине 3 куткаруучу тартылып, алар жеткенге чейин "Тез жардам" кызматкерлери жабырлануучуну Балыкчы шаардык ооруканасына алып кетишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.