Орусиядагы элчилик мигранттар үчүн маалыматтык чат-ботун ишке киргизди
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жарандарга консулдук маселелер боюнча байланышты жакшыртуу максатында маалыматтык чат ботун ишке киргизди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, жарандар чат-бот аркылуу консулдук кызматтарды алуу тартиби боюнча мамлекеттик жана расмий тилдерде маалыматтарды алышат.
Анда төмөнкү маалыматтар жеткиликтүү болот:
- Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн дареги жана иш тартиби;
- Кыргыз Республикасынын паспортун берүүнүн тартиби;
- Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруунун тартиби;
- Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн күбөлүк алуунун тартиби;
- Консулдук маселелер боюнча алдын ала жазылуу тартиби жана башка суроолор боюнча.
Ошол эле учурда элчилик консулдук бөлүмүнүн ишмердүүлүгү тууралуу жана консулдук-укуктук маселелер боюнча актуалдуу маалыматтарды берүү үчүн расмий Telegram-каналы ачылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.