Аба ырайы, 2-декабрь: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачындын болушу күтүлөт

2-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачындын болушу күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, кээде 15-20 метрге чейин жетет. Ал эми Ысык-Көл облусунда шамалдын ылдамдыгы секундуна 19-24 метр болот.
Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -6°C
Талас облусу. Күндүз +4°C, түнкүсүн -8°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +6°C, түнкүсүн -5°C
Баткен облусу. Күндүз +4°C, түнкүсүн -5°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -8°C
Нарын облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -18°C
Бишкек шаары. Күндүз +4°C, түнкүсүн -4°C
Борбор калаада 1989-жылы дал ушул күнү абанын температурасы күндүзү +22,1°C болгон.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.