super.kg logo

Салык кызматында техникалык колдоо номерлери иштеп баштады

 

Мамлекеттик салык кызматында электрондук салык кызмат көрсөтүүлөрдү техникалык жана консультациялык колдоо кызматы иштей баштады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматта "Салык Сервис" мекемесинин адистери (0312) 51-01-47, (0997) 00-01-16, (0755) 00-01-16, (0508) 99-66-69 (Telegram, Whatsapp) номерлери аркылуу техникалык колдоо көрсөтүшөрү жазылат.

"Салык кызматынын маалыматтык системаларынын, Salyk.kg "жеке кабинетинин" иштешине байланыштуу техникалык көйгөйлөр боюнча, анын ичинде отчётторду түзүүдө, тапшырууда же башка электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү алууда көйгөйлөр пайда болгон учурда кеңеш же жардам ала алышат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Салык кызматы мекеменин Telegram каналы ачылганын кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: