super.kg logo

Түштүк-Батыш бажысы 33 миллионго чукул каражатты казынага кайтарды

 

Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысында 32 миллион 925 миң 200 сом өлчөмүндө каражат мамлекетке кайтарылды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.

Билдирүүдө жазылгандай, Ош облустук прокуратурасы тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысында текшерүү жүргүздү.

"Анын жүрүшүндө аталган бажы органынын кызматкерлери тарабынан 2020-2021-жылдар аралыгында бажылык коштоо үчүн 32 миллион 925 миң 200 сом өлчөмүндө жыйымдар чогултулуп, кийин атайын бажы эсебине чегерилгени аныкталган. Ал эми мыйзамдарга ылайык, бул жыйымдар республикалык бюджетке алынууга тийиш", - деп айталат маалыматта.

Түштүк-Батыш бажысы тарабынан көрсөтүлгөн каражаттар толугу менен республикалык бюджетке кайтарылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: